
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барды. Оорукананын негизги имараты 1968-жылы курулуп, 550 орунга ылайыкталган. Адылбек Касымалиев реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, бар болгон жабдуулар жана бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты.
Андан соң 350 орундуу жаңы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Жаңы оорукананын имараты 8 блоктон турат. Долбоорду 2027-жылы бүтүрүү күтүлүүдө. Минкаб башчысы бул медициналык мекеменин бүткүл облус үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле ооруканада иштеген жаш дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында батирлерди бөлүп берүүнү, ошондой эле кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Мындан тышкары, сапардын алкагында ага Каракол шаарында КМШ өлкөлөрү жана чектеш мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин алдыңкы аймактык борбору боло ала турган эл аралык медициналык кластерди куруу долбоору тааныштырылды. Долбоор диагностиканын жана дарылоонун алдыңкы технологияларын өнүктүрүүгө, онкология жана кардиология боюнча адистештирилген борборлорду түзүүгө, алдыңкы чет элдик адистерди тартууга, ошондой эле заманбап медициналык билим берүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо системасын түзүүгө багытталган. Долбоордун баасы — 150 миллион АКШ долларын түзүп, 510 орунга ылайыкташкан. 750гө жакын жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле минкаб башчысы Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун чумага каршы бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Мекеменин имараты 1894-жылы курулган. Лабораториялык база биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп бербейт. Сапардын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө жаңы имарат куруу жана бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын мындан ары жаңыртуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.






