
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы дайындалган министрлер ант беришти.
Ант берген министрлер:
- Эрлист Акунбеков — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри,
- Канатбек Чыныбаев — өзгөчө кырдаалдар министри,
- Акыл Токтобаев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри,
- Талантбек Солтобаев — транспорт жана коммуникациялар министри,
- Гүлзат Исаматова — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри,
- Дамирбек Осмонов — саламаттык сактоо министри,
- Канат Сагынбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри,
Ошондой эле УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков ант берди.
Жогорку Кеңештин жыйынына Президент Садыр Жапаров катышууда.






