
Жакынкы 1-2 айдын ичинде күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшү күтүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди.
Анын айтымында, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин жана дизель майынын кымбатташы божомолдонгон жок.
“Бүгүнкү күндө бардык зарыл шарттар түзүлгөн, КММнын жетиштүү көлөмү жана кору бар. Жыл башына салыштырмалуу булардын баасы атүгүл арзандады”, — деп белгиледи Мамыралиев.
Ошондой эле ал учурда күйүүчү майдын импортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.






