
Президент Садыр Жапаров парламентте сөз сүйлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин төрага Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы министрлер саат 11:00дө ант беришет.
«Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөйт, андан кийин депутаттар мамлекет башчысына суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деп белгиледи төрага.
Ал эл өкүлдөрүнө Министрлер кабинетинин чарбалык ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорду бербөөгө чакырды.






