
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.






