
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.
Маалыматта белгиленгендей, анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызы бүгүн саат 14:00дө БШКнын жыйынында каралат.
Эске салсак, Кубанычбек Конгантиев №21 көп мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.






