
Бүгүн, 10-март ɵлкɵ аймагында аба ырайынын кескин ɵзгɵрүшүнɵн улам ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат. Өтмөк ашуусуна, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу авто унааларга киргизилген чектɵɵлɵр күчүндө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Бишкек-Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел, Кɵк-Бел, Суусамыр – Талас- Тараз жолундагы Өтмɵк ашууларында жеңил авто унаалар үчүн каттам бар. Ал эми Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын — Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп-Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.
Жол тейлɵɵ ишканалары түнкүсүн жааган карды жана кар күрткүлɵрүн тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштерин күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат. Ошондой эле, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда. Министрлик ашуу аркылуу жол жүргөн айдоочулар жол коопсуздугун камсыздап, ылдамдыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.






