Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, -28 градуска чейин суук күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык 10-11-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасынын төмөндөшү (11-12-март):

  • Чүй өрөөнүндө: Түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°;
  • Талас өрөөнүндө: Түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: Түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…+4°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда: Түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…+2°;
  • Нарын облусунда: Түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°;
  • Тоо этектеринде: Түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°;
  • Тоолуу райондордо: Түнкүсүн -11…-16°, күндүз -8…-13°;
  • Суусамыр өрөөнүндө: Түнкүсүн -17…-22°, күндүз -8…-13°;
  • Бийик тоолуу райондордо: Түнкүсүн -23…-28°, күндүз -6…-11°.