
Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында 77 жаштагы Ч.Г. аттуу жаран милицияга кайрылган. Ал өзүн УКМК, ИИМ жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жолу менен аны банкомат аркылуу банктык картага 22 млн 130 миң сом которууга көндүрүшкөнүн айткан.
Аталган факт боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2005-жылы туулган А.К. жана 2006-жылы туулган Э.К. аттуу жарандар кармалды.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Бишкек шаардык милициясы жарандарга мамлекеттик кызматкерлер эч качан акча которууну жана банктык купуя маалыматтарды сурабай турганын эскертет. Эгер шектүү чалуулар болсо, дароо “102” номерине кабарлаңыз.






