Ажиев кайрадан кармалганы белгилүү болду

Вебкам иши боюнча соттолуп, президенттин ырайымы менен абактан чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалганы, аны милиция кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болду.

Министрликтин басма сөз кызматы азырынча расмий так маалыматын бере элек.

Мунун алдында эле Ажиевдин абактан тик учак менен чыгып кеткени тартылган тасма социалдык тармактарга тарап, маалыматты 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастаган. Тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөнүн, ижара тууралуу буюртманы Ажиевдин жакындары беришкенин билдирген. Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, нааразы пикирин айткандар болгон.