Атайын каттам: Омандан 300гө жакын кыргызстандык учуп келди

Каттам Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу максатында Тышкы иштер министрлиги, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Кыргызстан аэропорттору” ААК тарабынан ишке ашырылды.

Биринчи каттам аркылуу 175 жаран, экинчи каттам менен 85 жаран өлкөгө кайтып келди.

“Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы мамлекеттик органдар менен макулдашуунун алкагында каттамдын коопсуз аякташы үчүн бардык зарыл болгон уюштуруу жана оперативдүү иш-чараларды камсыз кылды.