
Сауд Арабиясынан келген эки учак Бишкек менен Ошко конду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен 90, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 кыргызстандык келди.
Эске салсак, буга чейин ТИМ Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.






