Канат Табалдиев УКМКнын Ош аймактык башкармалыгын жетектейт

Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн өкүлчүлүк аппаратынын жыйындар залында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Канат Табалдиевди тааныштырды.

Иш-чарага облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, алардын орун басарлары, ошондой эле облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.