
Ozon 2025-жыл үчүн аудиттелбеген финансылык жыйынтыктарды жарыялайт. Компаниялар тобу кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда жүгүртүүнү 45 пайызга – 14,36 триллион сомго чейин көбөйтүп, ал эми киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 63 пайызга көбөйүп, 1,45 триллион сомго жетти.
Маркетплейстин жигердүү сатып алуучулар базасы 15 пайызга өсүп, 65,1 миллион колдонуучуга жетти. Маркеплейстин колдонуучуларынын лоялдуулугу да өсүүдө: орточо эсеп менен ар бир сатып алуучу Ozon’до жылына 38 буйрутма берет – бул 2024-жылга караганда 12 эсе көп. Кыргызстанда аянтчанын жигердүү кардарларынын саны өткөн жылдарага салыштырмалуу 50% өскөн.
Натыйжада Ozon’дун жүгүртүүсү (GMV) 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда 45 пайызга өсүп, 4,36 триллион сомду түздү. Кыргызстанда маркетплейстин жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилинин жыйынтыгы менен салыштырганда 1,5 эсе өстү.
Бир жылдын ичинде компания кардарларга 2,481 миллиард буйрутма жеткирди – бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 эсе көп дегенди билдирет. Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кардарлар маркетплейсте бир жыл мурункуга караганда 68 пайызга көбүрөөк буйрутма беришкен.
2025-жылы Ozon өзүнүн кампа аянтын үчтөн бир эсе көбөйтүп, дээрлик 5 миллион чарчы метрге жеткирди. Кыргызстанда компаниянын логистикалык кубаттуулугу Бишкектеги сорттоочу борбор жана Дордой базарындагы буйрутмаларды кабыл алуу пункту кирет. Мындан тышкары, компания буйрутмаларды кабыл алуу пункттарынын тармагын да жигердүү өнүктүрүп жатат.
Рублдик көрсөткүчтөр сомго 2025-жылдын орточо курсу боюнча которулду.
Компания Казакстанда, Арменияда, Беларуста, Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Грузияда, ошондой эле Кытайда жана Түркияда бизнес жүргүзөт. Ozon аянтчасы китептерден жана кийимдерден баштап, ден соолук үчүн керектүү азыктардан жана товарларга чейин 20дан көп категорияда 400 миллиондон ашык товарды сунуштай алат. 65,1 миллион жигердүү сатып алуучу Ozon’дун өнүккөн логистикалык инфраструктурасынын жардамы менен буйрутмаларын алып жатышат. Аянтча ошондой эле 750 миң ишкерге өз товарларын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө сатууга мүмкүнчүлүк берет.






