Бишкекте эртеңден тарта жаңы автобустук каттам ишке кирет

Бишкек шаарында эртең, 3-марттан тартып жаңы №62 автобустук каттам ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин созулуп, экологиялык жактан таза электробустар тейлейт.

Электробустар Б.Алыкулов көчөсү, Л.Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.

Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана эскерте кетсек, №35, №45, №61 жана №51 каттамдар дагы бул багытта өзгөртүлгөн.

“Каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөрүн билдиребиз. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

Алдыда дээрлик бардык каттамдардын кыймыл багыттары өзгөртүлөт  жана альтернативдүү көчөлөр пайдаланыларын эске салабыз”, – деп айтылат мэриянын маалыматында.