Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө ипотекалык батирлүү болот

Быйыл жыл аягына чейин 20 миңге жакын үй-бүлөгө ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырабыз, – деди президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан республикалык кеңешмеде.

“Биздин максат — ар бир кыргызстандык үй-бүлө өз үйүндө ыңгайлуу шартта жана Кыргызстандын жаркын келечегине ишеним артуу менен өмүр сүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат”, – деди ал.

Президент быйыл ипотекалык турак жайларды курууга 400 млн доллар бөлүнө турганын кошумчалады.