Төө ашуу жана Долондо оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Анын артынан эле Долон ашуусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу убактылуу чектөө киргизилгендигин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө ишкана филиалдары тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жал кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө.

Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Министрлик аба ырайынын шарттарын эске алып, алыскы сапарга чыгууну алдын ала пландап, жол эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Кошумча маалымат берилет.