
Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.
“Жыйын жүрүшүндө минкаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Ошондой эле президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө”, – деп жазды ал.
Белгиленгендей, республикалык кеңешме УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактагы баракчаларында түз көрсөтүлөт.
Башталышы саат: 11:00.






