
Бишкекте милиция кызматкерлери жоголгон ири суммадагы акча салынган баштыкты ээсине кайтарып беришти. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 14-февраль күнү болгон. Милиция кызматкерлери Эркебек Токтосун уулу жана Эламан Болотбек уулу кызматка бара жатып, Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен кара түстөгү баштык таап алышкан.
Анын ичинде документтер жана ири суммадагы акча болгон. Кийин алар баштыктын ээсин аныктап, байланышка чыгышкан. Маалым болгондой, А.Т. аттуу жаран баштыгын жоготуп алганын байкаганга да үлгүргөн эмес.
“Жаран милиция бөлүмүнө чакырылып, анын катышуусунда акчалар саналды. Сумкада бир миллион сомго жакын каражат жана бардык документтер толугу менен сакталганы аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.






