
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта унаалар «Түндүк» тиркемеси аркылуу каттоодон онлайн өтө башташат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Унаа» кызматынын Ош шаарындагы борборуна барган учурда билдирди.
Анын айтымында, мындан ары унааларды каттатуу үчүн мекемеге баруунун кажети жок болот. Мындай жол элди кезекте тургузуп кыйнабай, аралыктан эле оңой жол менен унааларды каттоого өбөлгө түзөт. Мындан тышкары документтерди жана номерди үйүнө жеткирүү кызматы ишке кирет.
«1-апрелден тарта «Унаага» номер менен техникалык паспортту алуу үчүн гана келесиздер. Учурда бирдиктүү терезе иштеп жатат”,-деп мекемеге келген жарандарга кайрылган ал.
Туманбаев андан сырткары, мекеменин жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, каржысын толук бөлүп берүүнү тапшырган. Ошондой эле имарат быйыл пайдаланууга берилерин белгилеген.






