Бишкекте №135 каттамдагы коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылууга шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБна Ж.И. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кетишкенин билдирген.

5-февралда саат 17:30 чамасында арыз ээси Ош базарынын аймагынан №135 автобусуна түшүп, Лавановский көчөсүнө жеткенде өзүнө таандык iPhone 16 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефону жоголгонун байкаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, чөнтөк ууру катары каттоодо турган А.А. аттуу жаран кармалды. Шектүү Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Бишкек шаарынын Ленин районунун сотунун чечими менен шектүүгө карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына камакка алынды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду Ош базарынын аймагында сатып жибергени аныкталган. Ошондой эле уюлдук телефондор сатылган жерлерде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 60тан ашык уюлдук телефондор табылып, алынган. Алардын арасында арыз ээсине таандык уурдалган телефон да болгон.