Депутат Кундузбек Сулаймановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-февралда өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун ырастамасы жараксыз деп таанылат.