
Талас облусуна ата мекендик өндүрүштөн чыккан 42 даана жаңы атайын техника расмий түрдө тапшырылды. Атайын техникаларды Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевке өткөрүп берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Данияр Амангелдиев мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү ырааттуу нукта уланып жатканын белгилеп, жаңы техникалар аймактын турмушунда маанилүү роль ойной турганын баса көрсөттү.
“Мамлекетибиз күн санап кубаттанып, өнүгүү жолунда бекем кадам таштоодо. Бул атайын техникалар айыл чарба тармагын колдоого, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, айыл-аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга олуттуу салым кошот деп терең ишенем. Облустарды атайын техникалар менен камсыз кылуу — бул иштин башталышы гана. Алдыдагы жылдары дагы облус, район жана айыл аймактарынын техникалык базасын чыңдоо боюнча кеңири иштер улантылат. Белгилүү болгондой, өлкөбүздүн Эгемендүүлүк майрамы быйыл Талас облусунда белгиленет. Ушуга байланыштуу Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан өткөн жана быйылкы жылдарды кошкондо облус аймагын өнүктүрүүгө 10 миллиард сом каражат бөлүнүүдө”, — деди ал.
Өз кезегинде Эрмат Джумаев облуска ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, берилген 42 атайын техниканын курамында таштанды чыгаруучу унаалар, жүк ташуучу унаалар, жол тазалоочу техникалар жана бийиктикке чыгуу үчүн телескопиялык көтөргүчтөр бар. Бул техникалар Талас шаардык мэриясына, ошондой эле Талас, Айтматов, Манас жана Бакай-Ата райондорунун мамлекеттик администрацияларына калыс негизде бөлүштүрүлөт.
“Берилген техникалар ар бир мекеме тарабынан өзүнүн жеке менчигиндей камкордук менен пайдаланылып, элдин муктаждыктарын чечүүгө багытталат деп ишенем. Бул — аймактын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү кадам”, — деп белгиледи Эрмат Джумаев.
Маалымат үчүн: Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев иш сапары менен Талас облусуна барып, коллегиялык жыйынга катышты. Ошондой эле ал Талас облусунда быйыл өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Бул чечим аймактарды өнүктүрүүгө, жергиликтүү инфраструктураны бекемдөөгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын ырааттуу уландысы болуп саналат.












