
21-февралда Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы катуу шамалдан турак үйлөргө жана инфратүзүмгө бир катар зыян келтирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат бергендей, Бишкектин Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулап түшкөн. Ал эми Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган.
“Ленин районунун Москва көчөсүндөгү чатырды коопсуздандырууга КР ӨКМдин Куткаруу кызматынан беш куткаруучу жана Панфилов районунун Октябрь айылындагы орто мектептин шамал учуруп кеткен чатыры боюнча тактоого райондук бөлүмдөн ыкчам топ тартылды”, – деп жазылган маалыматта.
Шамал Көк-Жар конушунда турак үйдүн чатырын учуруп, бак кулап, электр зымына асылып калган жана көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгасы эки унааны басып калган.
Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында, Сокулук районунун Маловодное айылынын, Москва районунун Беловодское айылында шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, бак кулаган.
Ал эми Панфиловдун Күрпүлдөк айыл аймагында орто мектептин чатырын учуруп кеткен.






