
Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Парламенттин 19-февралдагы отурумунда анын талапкерлигине жашыруун добуш берүүдө 53 депутат “макул” жана 16 депутат “каршы” добуш берди.
Мунун алдында Карим Ханжеза жеке жагдайларына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
36 жаштагы Болот Ибрагимов Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Коомчулукка жол эрежесин бузгандардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген блогер катары таанылган. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болгон. 2024-жылы “Эл үмүтү” партиясынын тизмеси менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2025-жылы ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо №22 округдан шайланып келген.






