
Бишкекте орто мектептердин биринде 69 жаштагы мугалим менен 16 жаштагы окуучунун кол көтөрүүгө чейин жеткен чатагын милиция иликтөөгө алды. Бул тууралуу Биринчи май ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү саат 11:30 чамасында милициянын 102 номуруна шаардагы мектептердин биринде мугалим менен окуучу чатакташып, кол көтөрүүгө чейин жеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт милициянын журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
“Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат ырасталды. Текшерүү учурунда мугалим окуучунун үстүнөн чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Окуучу медициналык жардам сурап, ооруканага кайрылды”, – деп билдирди РИИБ басма сөз кызматы.
Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери кабарланды.






