
Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун жанындагы курулуштар бузулуп, мурдагы оргума калыбына келтирилет.
Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 19-февралда аталган соода борборунун жанындагы курулуш иштерин текшерип жүргөн кезде билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы “Айчүрөк” соода борборунун жетекчилигине кайрылып, алар куруп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи.
“Шаар куруу нормалары жана Шаар куруу кеңешинде белгиленген тартипте каралып, бекитилген эскиздик чечимдер сакталган жок. Ошондуктан, биз курулган конструкцияларды бузууну жана жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз”, – деди мэр.
Калаа башчысы мындан тышкары үч күн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, курулушту мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы бузарын, алардын чыгымдарын толугу менен компания төлөрүн эскертти.






