Кочкордо 7,2 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кочкор районунда 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан текшерүүдө 2012-жылы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конушта жайгашкан жалпы аянты 0,40 гектарды түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталды.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 7 млн 200 миң сомду түзгөн калктуу конуштун ичиндеги жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.