Садыр Жапаров парламент төрагасынын кызматтан кетиши боюнча пикирин айтты

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасынын өз каалоосу менен кызматтан кетиши боюнча пикирин билдирди.

“Кабар” агенттигине берген маегинде, мамлекет башчысы төраганын бул кадамы менен коомчулукта талкууланган “75 адамдын катынын” ортосундагы байланыш тууралуу суроого жооп берди.

Президенттин айтымында, бул окуялардын ортосунда түздөн-түз тиеше бар деп айтуу кыйын, бирок айрым жагдайлар таасир этиши мүмкүн.

   “Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким, ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким, ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр”, – деди Садыр Жапаров.