
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарууну улантат. Бул тууралуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев 11-февралда айтканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди”, – деп билдирген Бердикожоев.
Мунун алдында социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев атайын кызматты башкарып турганда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, кызматтан кеткенден кийин анын коопсуздугуна камтамачылык билдиргендер болгон.






