Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгы кызматынан алынгандан кийинки билдирүүсү жарыяланды.

“Урматтуу эл-журт. Мен ооруп калып, Президенттин уруксаты менен Германияга келгем. Себеби мурда операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да Президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиздин, эл-журтубуздун, Президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанам. Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт. УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдирем, ийгиликтерди каалайм. Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот» деген ал.