Манаста үйүндө күрөөкана уюштурган аял кармалды


Манас шаарында үйүндө мыйзамсыз күрөөкана уюштурган аял кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Э.С. аттуу жаран өз үйүндө күрөөгө мүлк жана зер буюмдарды алып, жылына 150 пайыздан ашык үстөк менен насыя берип жүргөнү аныкталган.

Тактап айтканда, Ш.К.У. аттуу жаран А.Э.С.дан 1 млн сом карыз алып, ай сайын 150 миң сом пайыз төлөп турган. Карызды өндүрүү маалында А.Э.С. бир нече жолу жабырлануучунун мүлкүн опузалап, коркутуп-үркүтүү жолу менен тартып алууга аракет кылып, кечиктирилген пайыздарды төлөөнү талап кылган. Ошондой эле анын унаасын тартып алганы белгилүү болгон.

2026-жылдын 4-февралында А.Э.С. 200 миң сом пайыз алып жаткан учурда кармалган.

Тинтүү учурунда мүлктөрдүн документтери (унаалардын техпаспорттору, жер тилкелерине тиешелүү кагаздар), өздүгүн тастыктаган күбөлүктөр жана күрөөгө коюлган зер буюмдар табылган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.Э.С. күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Азыркы тапта жабырлануучуларды жана күрөөгө коюлган мүлктөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгында мүлктөр мыйзамдуу ээлерине кайтарылары, ошондой эле мыйзамсыз сүткорлук менен алектенген башка адамдарды аныктоо иштери улантылары айтылды.