
Талас облусунда калкты суу менен камсыз кылуучу маанилүү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы «Тобой» коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Т.Д. айрым мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, элге керек болгон суу алуучу жайларды мыйзамсыз түрдө өз уюмунун балансына өткөрүп алган.
Ал кызматтык абалынан пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен «В» категориясына кирген стратегиялык объекттерди мыйзамсыз менчиктештирген. Кийин бул объекттерге тиешелүү болгон, жалпы баасы 36 миллион 415 миң 400 сомду түзгөн, инфраструктурасы бар 1,7 гектар, 0,68 гектар жана 1 гектар жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп жиберген.
“Тергөө иштеринин жыйынтыгында, бул объекттер толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды”,-деп айтылат маалыматта.






