УКМК телефон алдамчыларына эсептерди жана SIM-карталарды жеткирген топту кармады

Эл аралык телефон алдамчыларына жардам берүүчү негизги канал Кыргызстанда жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда уюлдук операторлордун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенджер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын укукка каршы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жарандардын банк карталарын сатууга көндүргөн шылуундардын иш-аракетине бөгөт коюлду.

Алар аккаунттар жана банк карталары Telegram мобилдик мессенджери аркылуу «скамерам» деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылып, жарандардын каражаттарын алдап алуу максатында үн менен «фишинг» манипуляцияларын жүргүзүшкөн.

Тактап айтканда, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган «телефон алдамчылары», анын ичинде башка мамлекеттик кызматкерлердин атынан жарандарга телефон чалып, аларды террористтик уюмдарга катышы бар деп айыптап, террористтик уюмдарды каржылагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушкан.

Ошол эле учурда жогоруда аталган кылмыштуу топ жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонуп, УКМКнын жетекчилигинен террористтик уюмдарды каржылоого катышкан деген айыптоолор менен кылмыштуу ишмердүүлүктүн жабырлануучуларына каттарды жөнөтүшкөн.

Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү адамдар кармалган:

  • 2008-жылдын 19-февралында туулган А.Б.Н., (Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын 14-түзөтүү колониясында эки айга эркинен ажыратылган);
  • А.Э.К. 2006-жылдын 9-июлунда туулган, (эки айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагына камакка алынган);
  • Р.Ш.К. 1999-жылдын 22-майында туулган («Алдамчылык» беренеси менен бир нече жолу айыпталып, соттолгон), (эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камалган);
  • Ж.К.Р. 2001-жылдын 12-ноябрында туулган («Каракчылык», «Алдамчылык» жана «Уурулук» беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон), (эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камалды);
  • Т.Б.Ш., 2009-жылдын 12-февралында туулган (ата-энесинин милдеттенмесинин астында бошотулган);
  • A.у.С., 2004-жылдын 30-апрелинде туулган (мурда «Адам өлтүрүү» боюнча соттолуп, «Алдамчылык» беренесине айыпталган), (эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камалды);
  • 2008-жылдын 24-сентябрында туулган А.А.А. (ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулган);
  • 2009-жылдын 18-июлунда туулган К.И. (ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулган);
  • Ж.С.А. 1996-жылдын 1-июнунда туулган (эки айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагына камалды).

Учурда УКМК өлкө аймагындагы телефон алдамчыларынын башка шериктерин аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды улантууда.

Атайын кызмат мобилдик мессенжер аккаунттарын, банк карталарын жана тиркемелерди башка өлкөлөрдө жайгашкан үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же сатууга тыюу салынаарын, айрым учурларда бул аракеттер алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошо катышуу катары квалификацияланышы мүмкүн жана бул үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.