Садыр Жапаров: 10 ай көп эмес, келечекке каршы чыкпагыла

 Президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго (“Унаа”) барганда автомектептерде окуунун мөөнөтү 10 ай көп эместигин, бул иштер келечек үчүн жасалып жаткандыктан, каршы чыкпагыла деп жарандарга кайрылды.

“48 миң сом төлөп, үч жарым ай окуп, жылдап экзаменден өтпөй жүргөнүңөр жакшыбы? Же 19 миң сом төлөп коюп 10 ай окуп, бир же болбосо эки жолу келип экзаменден өтүп кеткениңер жакшыбы? Мына азыр жылдап экзамен тапшыра албай жүргөндөр бар. Ошондуктан мен сиздерден суранарым, 10 ай аябай көп экен дебегиле. Мен баарын карап отуруп анан ушул жерге келдим. “Унаа” мекемесинде иштеген балдарды, Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевди күнөөлөп жатасыңар. Саясатта жана мамлекеттик кызматта эки түрдөгү адамдар болот. Бир түрү тили менен буудай кууруйт. Иш берсен 1 пайызын жылдыра албайт. Кээ бир адамдар болот мен мамлекеттик кызматта 20 жылдан бери көрүп эле жүрөм. Алар тили менен сүйлөгөндөрдүн тескериси, айтканынан артык кылып аткарып коёт. Бирок, элге чыгып сүйлөй албайт, чыгып сүйлөсө түшүндүрө албайт. Мен ошол үчүн элге түшүндүрүп коеюнчу деп өзүм келдим. Биз келечек үчүн жасап жатабыз туугандар, каршы чыкпагыла”, – деп белгиледи президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы жалпы 275 жеке мектептин ичинен бир кишиге үчтөн-төрттөн автомектептер катталган учурлар бар экенин айтты.

“Арасында мамлекеттик кызматкерлер да бар, туугандарына мектебин каттатып койгон. Аттарын атабай эле коеюн. Өзүлөрүнө да айттым эле. Ал үчүн кызматтан кет дей албайбыз. Эмнеге тууганың мектеп ачып алып, иштеп жатат деп. Ар кимдин өзүнүн укугу”, – деди өлкө башчысы.

видео:Кабар