
Кара-Кулжа районундагы Жүлгүр жайлоосунда кар көчкү басып калган 37 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн издөө иштерине куткаруучулар, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундардан жалпы 126 адам чыккан.
Белгилей кетсек, кырсык 31-январда катталган. ӨКМ тарабынан буга чейин кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала эскертүүлөр берилген.






