
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алды.
Жолугушууда Талантбек Ташибеков уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө маалымдап, буга байланыштуу мамлекет башчысынан эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү.
Президент бул маселе боюнча макулдугун билдирди, ошондой эле диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.






