
Талас облусунда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин биринчи орун басары Максат Байджигитов Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” оюн-зоок борборунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Аталган борбор Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, курулуштун жалпы аянты 17 000 чарчы метрди түзөт. Бул долбоор КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин демилгеси менен ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан колдоого алынган.
“Баластан” оюн-зоок шаарчасынын алкагында иновациялык музейлер, лабиринттер, боулинг, кинотеатрлар, ошондой эле балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык өнүгүүсүнө багытталган борборлор каралган. Долбоордун өзгөчө багыттарынын бири — жасалма интеллект менен жабдылган 5–6 роботту орнотуу. Учурда бул багытта Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Роботтор келечекте гид катары кыргыз тилинде кызмат көрсөтмөкчү.
Азыркы учурда кыш мезгилине карабастан, курулуш иштерине 115 адам тартылган. Курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.
Максат Байджигитовдун айтымында, Талас облусунда жүрүп жаткан бардык ири курулуш объектилери өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүткөрүлөт. Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда республикалык деңгээлде белгиленет.

















