Нарында 4 баллга чейин жер титирөө болду, жабыркагандар жок

Бүгүн, 30-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:54тө Нарын облусунда MSK-64 шкаласы боюнча 4,0 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдирди.

Сейсмологдордун маалыматы боюнча, жер титирөөлөр аймактын ар кайсы калктуу конуштарында сезилген:

  • Жан-Булак жана Достук райондорунда — 3,5;
  • Куланак жана Миң-Булакта — 3,0;
  • Нарын шаарында — 2,5.
  • Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөө эч кандай зыян келтирген жок жана жабыркагандар болгон жок. Ошондой эле аймактын тургундары инфраструктурага олуттуу зыян келтирилген эмес деп билдиришти.
  • Эске салсак, Нарын аймагы сейсмикалык жактан активдүү зонада жайгашкан жана ал жерде жер титирөөлөр үзгүлтүксүз катталып турат. Адистердин айтымында, аймактагы сейсмикалык активдүүлүктү көзөмөлдөө уланууда.