Бишкектеги Бакай-Ата конушунда эки кичинекей бала көлмөгө чөгүп кетти

Бишкекте эки кичинекей бала көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата конушундагы көлмөгө 9 жаштагы кыз жана 6 жашар бала түшүп кеткен. Экөөнүн бир тууган экени айтылууда.

ӨКМ куткаруучулары балдардын сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.