
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу кафелердеги 15 пайыздык тейлөө акысынын жоюлушу боюнча өкмөттү сынга алды.
“Тейлөө кызматтары боюнча элде нааразычылыктар көп. Пайыздар алынып, тейлөө бекер деген менен ал тамак-аштын баасына кошулду. Буга эми акылдын деле кереги жок да. Ушундай кадамдарды жөн эле жасап койбой анализдеш керек. Бизде такси болобу, чачтарач болобу, баалар дүйнөлүк ири борборлордон дагы ашып кетти. Абдан кымбат. Министрлер кабинети тактыктуу иш жүргүзбөй жатат”, — деди Тургунбек уулу.
Ал ошондой эле февраль айында өкмөт мүчөлөрүн парламентке чакыруу керектигин кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстанда 1-январдан тарта кафелер менен ресторандарда тейлөө акысынын жоюлушу тамактарды кымбаттатып жиберген. Жарандар жаңыланган менюдагы бааларга таң калып, Монополияга каршы кызматка кайрылган. Ведомство алар мекемелердин тарифтик саясатына кийлигише албастыгын, бирок адилетсиздикти алдын алуу максатында рейд жүргүзүү пландалып жатканын кабарлаган.
Экономисттер тейлөө акысынын жоюлушун эске алганда баалар чындап эле кымбаттап кеткенин белгилешет. Ал эми Ресторандар ассоциациясынын өкүлдөрү баанын өсүшүн азык-түлүк, логистика жана эмгек чыгымдары менен түшүндүрүшкөн.






