
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге борбор калаадагы бир катар маанилүү инфраструктуралык объекттерди жеринен көрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, кыдырууда Манас проспектинин бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору каралып, анда жол түйүнүн куруу жана Медеров көчөсүн Ала-Арча суусунун жээги менен улантуу каралган. Ошондой эле Табалдиев көчөсүн ачуу пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылдын жаз айларына белгиленген. Иштер аяктагандан кийин Медеров көчөсү Манас проспектисине чейин толугу менен эки тилкелүү болот.
Шаар башчысы курулуш иштеринин жүрүшүндө транспорт кыймылы үчүн альтернативдүү багыттарды алдын ала иштеп чыгууну, суу коргоо зонасында жайгашкан объекттерди текшерүүнү жана бул аймактагы турак үйлөрдүн таяныч планын даярдоону тиешелүү кызматтарга тапшырды.
Андан соң мэр “Бишкексвет” ишканасында болуп, шаарды жарыктандыруу үчүн Кытайдан чыгарылган 8,5 метрлик мамыларды тандады. Ал сейил бактарды жана эл көп чогулган жерлерди сапаттуу жарыктандырууну тапшырды.
Ошондой эле мэр Кронштадтск көчөсүн көрүп чыгып, анда Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин жолду улантуу пландалып жатканын айтты.






