Нипах вирусунун алдын алуу: Чек арада көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстандын аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.

Инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлдү.

“Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери келген адамдардын ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык алдын алуу иш-чараларын аткарышууда”, – деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн медициналык уюмдары ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты.

Саламаттык сактоо министрлиги дүрбөлөңгө негиз жок экенин белгилейт. Өлкөнүн саламаттык сактоо системасы мүмкүн болгон эпидемиологиялык коркунучтарга ыкчам жооп берүүгө даяр.

Министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.

Маалымат үчүн: Нипах вирусу — бул Paramyxoviridae үй-бүлөсүнө кирген зооноздук вирустук инфекция болуп, ал оор респиратордук ооруларды жана мээнин сезгенишин (энцефалит) жаратышы мүмкүн.

Вирустун негизги табигый булагы — жарганаттар (канаттуу жарганаттар). Адамга жуктуруп алуу төмөнкү учурларда мүмкүн:

  • инфекция бар жаныбарлар менен байланышта болгондо;
  • жаныбарлардын биологиялык бөлүнмөлөрү менен булганган азык-түлүктөрдү колдонгондо;
  • инфекция жуккан адам менен тыгыз байланышта болгондо.

Оорунун инкубациялык мезгили бир нече күндөн эки жумага чейин созулушу мүмкүн. Негизги белгилерине дене таптын жогорулашы, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы, алсыздык кирет. Оор учурларда аң-сезимдин бузулушу жана тырышуулар байкалышы мүмкүн.

Жарандарга төмөнкүлөр сунушталат:

  • жеке гигиена эрежелерин сактоо;
  • жапайы жаныбарлар менен байланыштан алыс болуу;
  • чийки же жетиштүү деңгээлде иштетилбеген азык-түлүктөрдү колдонбоо;
  • жугуштуу оорулардын белгилери байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылуу.