
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламенти боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасынын үч варианты каралды.
Парламенттен билдиришкендей, жыйынга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Талкуу маалында комитеттен төрагасы Курманкул Зулушев сунушталган үч вариант тең мазмуну, тексти жана музыкалык жактан азыркы гимнден жогору эмес экенин, ошондуктан аларды толук кандуу чечим катары кароого мүмкүн эместигин белгиледи.
Депутат Нурланбек Азыгалиев да гимн жарандардын духун көтөрүп, жалпы баалуулуктарды эске салуусу керектигин айтып, сынакты улантып, мазмуну жана көркөмдүк деңгээли жогору болгон жаңы чыгармаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.






