“Элит-Строй-Сити” курулуш компаниясынын жетекчилерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Күн мурун УКМКнын Ош облустук башкармалыгында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жана “Элит-Строй-Сити” курулуш компаниясынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жолугушуу «Манас» турак жай комплексинин тургундары президентке жана УКМК төрагасына жолдогон видео кайрылуудан кийин уюштурулду. Анда тургундар курулуш иштеринин создуктурулуп, батирлерди өткөрүп берүү мөөнөттөрүнүн бузулуп жатканына нааразы болушкан.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштеринин жүрүшүнө таасир эткен факторлор жана турак жайларды өз алдынча бүткөрүүгө өткөрүп берүүдөгү кечигүүлөрдүн себептери талкууланды. Ошондой эле компания өкүлдөрүнө мыйзам талаптарын жана акционерлер алдындагы милдеттенмелерди так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Жыйынтыгында «Элит-Строй-Сити» компаниясынын жетекчилиги курулуш иштерин аяктап, объектилерди 2026-жылдын сентябрь айына чейин өз алдынча бүткөрүүгө өткөрүп берүүгө милдеттенди. Мындан тышкары, курулуш иштери толук аяктаганга чейин компания жетекчилерине Кыргызстандан чыгууга чектөө киргизилип, турак жайларды этап-этабы менен өткөрүп берүү көзөмөлгө алынганы маалымдалды.