U-20: Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы алдыга чыкты

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы катары менен үчүнчү жолу жеңишке жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Турнирдин үчүнчү айлампасында Кыргызстандын курама командасы Ирандын курамасын 15:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Биринчи бөлүктө 8:0 эсебинде алдыга чыкты.

Бул беттеште Алихан Али-Аскаров төрт шайба, Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко үчтөн шайба киргизүү менен айырмаланды.

Үч айлампанын жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курама командасы 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда ишенимдүү түрдө биринчи орунду ээледи.