Бишкекте милиционер 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте милиция кызматкеринин катышуусундагы опузалоо фактысы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-январда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Т.А. аттуу жаран жана Октябрь РИИБинин кызматкери А.Э.Б. опузалап акча талап кылуу белгилери боюнча Ч.М. аттуу жарандан 350 миң сом алып жатканда кармалышкан.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, жаран Ч.М.ге карата Т.А.ны зордуктаган деген айып тагуу шылтоосу менен опузалашкан. Буга байланыштуу Т.А. милиция кызматкери Э.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, оң чечим кабыл алуу үчүн Ч.М.дан жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын талап кылышкан.

Мындан улам Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде Э.А. жана Т.А. УКМКНЫН тергөө абагына камакка алынды.