Кыргыз армиясы 81 жаңы унаа жана атайын техникалар тапшырылды

Кыргыстандын Коргоо министрлиги бюджеттик каражаттар менен сатылып алынган 81 унаа жана атайын техникалар тапшырылды. Атайын техникаларын тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө «Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган», — деди.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган.

«Бүгүн — Кыргыз Республикасынын коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо дагы бир ишенимдүү кадам жасалып жаткан күн. Көздү кубантып борборубузда тизилген ушул техникаларды биз Сиздерге өткөрүп берүү менен бирге бул иш-чара — мамлекеттин — армияга болгон ишенимин, элдин жоокерге болгон колдоосун, Мекенге кызмат кылуунун ыйыктыгын дагы бир жолу жогору көтөрөбүз» — деп белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чараларына ылайык, учурда Бишкек шаарында күнүмдүк ижара акысынын компенсациясы 500 сомго чейин, ал эми аймактарда 420 сомго чейин көтөрүлдү.

Андан соң, Министрлер Кабинетинин Төрагасы коргоо ведомствосунун башчысына автоунаа (атайын) техникаларынын ачкычтарын тапшырды.

Иш-чара Бишкек гарнизонунун өздүк курамынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.