Жайыл районунда 150 миң сом пара талап кылган тергөөчү кармалды

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин опузалап акча талап кылуу аракети токтотулду.

УКМКдан билдиришкендей, 13-январда Жайыл РИИБдин тергөөчүсү Ж.А.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 150 миң сом пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.