
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Бишкек шаарында учурда курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн аталган иш-чарага даярдыктар боюнча маалымат жыйынында кабарланды.
Маалымдалгандай, 31-августта борбордон башталган көчмөндөр оюндары 1-6-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында уланат. Ал эми жабылуу аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болот.
“Кыргызстанда өтүүчү ШКУсаммитинин юбилейлик 25 жылдыгына карата ачылыш азем өзгөчө форматта Бишкекте өтөт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 100 мамлекетке чакыруу жөнөтүлүп, 40тан ашыгынан катышууга макулдугун берген каттарды алдык. Чет өлкөлүк жана жергиликтүү спортчулар көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн аккредитациядан 1-майдан 1-июлга чейин өтүшөт. Ошондо 1-июлда оюнга катыша турган мамлекеттердин, спортчулардын так саны белгилүү болот”,- деди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизиги максаты улуттук спортту, маданиятты сактап калуу менен бирге өлкөнүн туриттик потенциалын көтөрүү, туризмди өнүктүрүү экени маалымат жыйындын жүрүшүндө белгиленди.
“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө биз демилгелеп жаткан нерсе жөн эле ат оюндарын өткөрүп коюу эмес, туризм жаатындагы коллаборация деп айтсак болот. Анткени, бардык коноктор, катышуучулар жана оюнчулар потенциалдуу түрдө биздин туристтер болуп эсептелет”,- деди маалымат жыйынга катышкан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев.
Ошондой эле көчмөндөр оюндарына изилдөө жүргүзүүдө коомчулукта ат оюндары өзгөчө кызыгуу жаратаары аныкталгандыгы кошумчаланды.
Эскерте кетсек, оюндардын ачылыш аземи мерчемделип жаткан борбордогу “Бишкек Арена” стадиону 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган.






